Кадамжайда жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча эскертмелер берилүүдө

Кадамжайда жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча эскертмелер берилип жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай район аймагындагы көлмөлдөрдүн, агын суулардын, дарыя, каналдардын бойлорунда жашаган жергиликтүү тургундарга Кадамжай РИИБнин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери эскертүү актыларын берип жатышат. Ошондой эле ар бир ата-энеге жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Былтыр жайында милиция кызматкерлери ар бир айыл аймактардагы кооптуу жерлерди текшерип чыгып, эскертүү тактайчаларын илип чыгышкан.

2022-жылдын 2 ай аралыгында Кадамжай району боюнча мектеп жашына чейинки 2 бала сууга чөгүп каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД