Украинадагы согушта курман болгон Дорбоев бүгүн жерге берилет

Украинадагы согушта курман болгон кыргыз жоокер Эгемберди Дорбоев бүгүн, 25-мартта жерге берилет. Бул тууралуу "Азаттык" сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, маркумдун сөөгү Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына кечээ, 24-мартта жеткирилген.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, орус жараны Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.

Маркумдун жакындары анын курман болгонун 16-мартта укканын кабарлашкан. Орусиянын бир нече сайты ал 8-мартта каза болгонун жазышкан. Окко учкан жигит 19 жашта экени, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрү маалым болгон.

2002-жылы туулган Дорбоевдин ата-энеси Орусиянын жарандыгын алып, Кыргызстандан көчүп кетишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД