БШК Свердлов округу боюнча Шайлообек Атазовду жеңүүчү деп тапты

БШК 25-марттагы отурумунда Бишкектин Свердлов округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы чыгарылып, талапкер Шайлообек Атазов жеңүүчү деп табылды.

Эске салсак, 27-февралда өткөн кайра шайлоодо Бишкектин Свердлов округу боюнча 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген. Бирок 9-мартта БШК добуш сатып алган деп анын талапкерлигин жокко чыгарган.

22-мартта Жогорку сот Свердлов округундагы кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын карап, Бишкектин административдик соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган. Бишкектин административдик соту 15-мартта БШК Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган чечимин колдогон.

БШК 9-марттагы отурумунда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД