
Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү "Тазалык" муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, былтыркы жылы тазалык кызматкерлеринин катышуусунда жол кырсыктары катталып, адам өлүмү менен коштолгон фактылар болгон.
Мына ошого байланыштуу мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү атайын Тазалык муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине жеринен жолугуп кызмат учурунда жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Жолугушу учурунда тазалык кызматкерлери таң эрте жол жээгинде жумуш учурунда башка айдоочулардын көрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү жана өздөрүнүн коопсуздугу үчүн, атайын жарык берүүчү чыптамаларды кийип жүрүүсү зарыл экендиги эскертилди.
Ал эми таштандыларды ташыган унаалар таштанды чыгаруу учурунда жол эрежелерин бузбай, башка унаалардын жүрүү кымылына тоскоолдуктарды жаратпоо керек экендиги эскертилди.
Эскерте кетсек кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү баардык мамлекеттик органдардын кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, атайын семинарларды өткөрүп келүүдө.