Үчүнчү "COVID-19дан эмдөө боюнча улуттук план" бекитилди

Үчүнчү "COVID-19дан эмдөө боюнча улуттук план" боюнча эмдөө алууга тийиштүү адамдардын саны 4 млн чейин көбөйөт

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги 3-чү "COVID-19дан эмдөө боюнча улуттук планды" бекитти, анда эмдөө алууга тийиштүү жарандардын санын 2,2 млн адамдан 4 млн чейин көбөйткөн.

Планга ылайык, эмдөө алуусу зарыл болгон жарандардын саны 1,8 млн адамга көбөйөт, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салууга шарт түзөт.

Азыркы учурда Кыргызстанда максаттуу топтор боюнча 1-доза менен калктын 65% (1 млн 400 миң адам), 2-доза менен – 55% (1 млн 200 миң) эмделген. Бирок ДССУнун эсеби боюнча (калктын жалпы санынан) биздин өлкөдө 1-доза менен – 20% жана 2-доза менен – 19% гана эмдөөдөн өткөн. Адистер өлкөдө жамааттык иммунитетке жетишүү үчүн калктын 70% эмдөө зарылдыгын белгилешүүдө.

"Башка өлкөлөргө салыштырмалуу биз бир аз артта калып жатабыз, алсак, Өзбекстанда, Казакстанда жана Россияда 2-дозаны калктын 40% алган. Буга байланыштуу биз биздин максаттуу топту 2,2 млн адамдан 4 млн чейин көбөйттүк", - деди Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова КТРК телеканалында сүйлөп жатып.

Анын айтымында, COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга эмдөө зор салым кошту. "Учурда коронавирус инфекциясына каршы вакциналарга калктын суроо-талабы жана ишеними жогорулады, буга мамлекеттик органдардын жана ЖМКлардын биргелешкен иши аркылуу жетишилди. Бирок эмдөө кампаниясы уланууга тийиш, жаңы штаммдардын келүү коркунучу бар".

Белгилей кетүүчү нерсе, 2023-2024-жж. карата 3-чү Улуттук планда калкты вакцинанын эки доза менен гана эмес, бустер менен камтуудан соң 12 жаштан өйдө балдарды жана өспүрүмдөрдү Pfizer вакцинасы менен баскычтуу эмдөө каралган.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө кампаниясы 2021-жылдын мартында башталган. Эмдөөнүн башында артыкчылыктуу топто жогорку тобокел зонадагы адамдар, атап айтканда, медицина кызматкерлери, мугалимдер, 60 жаштан жогору жарандар, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кирген. Кийинчерээк тизме кеңейтилип, ага 16 жаштан жогору өспүрүмдөр, 21-22 жумадан баштап кош бойлуу жана бала эмизген аялдар киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД