Кытай элчиси Молдовановкадагы түзөтүү мекемесине барды

Кытай элчиси Молдовановкадагы түзөтүү мекемесине барды. Бул тууралуу ЖАКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Молдовановка айылындагы №1-түзөтүү мекемесинде сапатына Бишкек шаарындагы көптөгөн спорт борборлору суктанаарлык кичи футбол аянтчасы пайда болду.

Булгаары топ чеберлери үчүн зымырыт түстөгү футбол аянтчасы жана башка маданий иш-чаралар Кытайдын дипломатиялык өкүлчүлүгү менен КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын ортосундагы натыйжалуу кызматташуунун айкын мисалы болуп саналат.

Жемиштүү мамиле 2021-жылдын май айында ЖАКнын төрагасы, генерал-майору Аскат Эгембердиев менен Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэн айымдын жолугушуусунда башталган.

Жаза аткаруу системасынын спорттук-эс алуу инфраструктурасын колдоо максатында кытайлык өнөктөштөр 3 млн 800 миң сом каражатты чын дилинен бөлүп, анын аркасында жергиликтүү подрядчылар футбол аянтчасын куруп беришти.

"Сергек жашоо образын калыптандыруу жемиштүү жана ийгиликтүү иштин ачкычы болуп саналат, бул биздин кызматкерлер үчүн жана алардын командалык маанайы үчүн абдан маанилүү. Физикалык жактан чың адам бардык ишти көтөрө алат. Биз Кытай Элчилигине ЖАКнын спорттук таланттарын тарбиялоого жана маданий-гуманитардык кызматташтыгыбызга терең ыраазычылык билдиребиз, бул мындан ары да улана берет", - деп белгиледи генерал А.Эгембердиев.

№1- түзөтүү мекемесинднги аянтчанын ачылышына Ду Дэвэн айым өзү келди, мунун өзү эле көп нерседен кабар берет. Анткени, бул жабык типтеги атайын мекеме, ал жакта коркунучтуу рецидивисттер кармалат, чет элдик дипломатиялык корпустун өкүлдөрү тобокелге салышпайт.

- Быйылкы жылы биз өлкөлөрүбүздүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгын белгилеп жатабыз, - деп айтты Ду Дэвэн, - бирок достуктун тамыры алда канча терен, алар миндеген жылдардан бери жашап келе жатат! Биз Улуу Жибек жолу боюнча ар дайым байланышта болуп келгенбиз жана бүгүнкү күндө алар "Бир алкак, бир жол" концепциясы түрүндө уланып, анын алкагында көптөгөн программалар ишке ашырылып жатат. Алардын ичинде Кыргыз Республикасынын бирдиктүү энергетикалык системасын түзүү, Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун куруу, Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун куруу, Бишкек шаарынын жаңы көчөлөрүн, көпүрөлөрүн салуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД