"Ата- Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагына арча отургузулду

"Жашыл Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Ата- Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагына арча отургузду.

Министрликтен билдиришкендей, иш-чара Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылынын жана Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын алкагында өттү.

Бак отургузууга министрликтин жетекчилиги жана кызматкерлер катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД