Бир жумада өлкө боюнча мас болуп унаа башкарган 336 айдоочу кармалды

Акыркы жумада республикада 18 миңден ашуун жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматы билдирди.

Ар бир жол кыймылынын катышуучусунун өмүрү, жашына карабастан, баа жеткис!

Жумалык иш-чаранын жыйынтыгы:

Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Акыркы жумада республикада 18609 жол эрежесин бузуу аныкталды.

Алардын ичинен:

-айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн - 2815;

-тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн - 232;

- унаа каражатын жараксыз айдоочулук күбөлүк менен башкаруу – 1;

- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 6714;

- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 14;

- Автоээнбаштык –2;

- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 641;

- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 88;

-жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн –7200;

-айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн - 34;

-мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 336;

-унаа токтотуучу жайга токтотулду – 909.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат.

Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД