Өзгөндө жаандын кесепетинен 5 турак үйдүн короосун суу каптады

Өзгөн районунда жаандын кесепетинен Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ала-Кызыл айылында кокту-колоттордон келген сел суулар 5 турак үйдүн короосун каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Какыр айылында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Өзгөн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ычам топ, айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ана-Кызыл жана Бостон айылдарында суунун нугу бурулуп, иш-чара толук аяктаган.

Ал эми Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Какыр айылында тазалоо иш-чаралары жергиликтүү тургундар тарабынан жүргүзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД