
2022-жылдагы садака-битирдин өлчөмү бекитилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Садака-битирди берүү (белгиленген өлчөмдө) ар бир колунда бар адамга важиб. Анткени Пайгамбарыбыз алейхис салам "Садака-битирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек" - деп бекиткенин азирети Умар айткан.
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө боюнча 2022-жылга карата садака-битирдин баасын бекитти.
Эскертүү: Садака-битир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.