Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткарат

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Төрөбаев Бакыт Эргешевич Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна дайындоого Торобаев Бакыт Эргешевичтин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүү токтом кылынат.

Президенттин дагы бир кол койгон Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аалиев Азиз Кубанычбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД