Кыргызстанда бир жумада коронавирустан 5 адам көз жумду

Кыргызстанда бир жумада, тагыраагы 21нен 28-мартка чейин, коронавирустан 5 адам көз жумду. Алардын ичинен 2 эмдөөдөн өтүшкөн эмес. Бул тууралуу COVID-19га каршы ремпубликалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, COVID-19 лабораториялык негизде 2, клиникалык-эпидемиологиялык түрдө (илдетке чалдыккандар менен байланышын эске алуу менен) – 3 аныкталган.

◾️Адам өлүмүнө алып келген учурлар Бишкекте катталган.

◾️Өткөн аптада, 15-21-март аралыгында, COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 7 учур катталган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 200 892 адам жугузган.

Каза болгону – 2985 адам.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынын оор кесепеттеринен сактап эмдөөдөн өтүңүздөр!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД