Мылтык уурдап сатып жиберген деп Москва районунун тургуну кармалды

55 жаштагы Москва районунун жашоочусу уурдалган куралды сатып жиберген, ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалып камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Москва РИИБге "С" аттуу жаран курал сатып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмыштын негизинде Москва районунун ИИБнин катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарак сатуу фактысы тастыкталып, Чүй ОИИББнин кылмыш иликтөө кызматкерлери жана Москва РИИБнин кызматкерлери тарабынан 55 жаштагы Ц.А. кармалган.

Ц.А. аттуу жаран Москва районунун Беловодск айылынын базарында бир атар, 16-калибрдеги ТОЗ үлгүсүндөгү мылтыкты жана 2 ок-дарысын сатканы белгилүү болгон. Ошондой эле жогорудагы куралды Чүй облусунун Панфилов районундагы кашарлардын биринен уурдап кеткени белгилүү болду.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД