Орозо качан баштала турганы белгилүү болду

Кыргызстанда Орозо айы 2-апрелде башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимди уламалар кеңеши кабыл алган.

Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД