Жаза аткаруу кызматы Атамбаевдин абалы тууралуу маалымат берди

Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу кандай экендиги тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы маалымат берди.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу А.Ш.Атамбаевдин диагнозун тактоо максатында үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөтүлгөн.

Каттын негизинде 2022-жылдын 28-мартына КР Саламаттык сактоо министрлигинин адистеринен (кардиолог, невропатолог, эндокринолог жана оториноларинголог) турган дарыгерлердин комиссиялык текшерүүсү дайындалган.

Бирок бүгүн КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жогорудагы адистери №47 медициналык түзөтүү мекемесине барганда айыпталуучу А.Атамбаев белгисиз себептер менен комиссиялык экспертизадан кескин баш тарткан, бул боюнча КР Саламаттык сактоо министрлигинин адистери Кыргыз Республикасы акт түздү.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистеринин ичинен комиссиялык текшерүүлөр бир нече жолу уюштурулуп, айыпталуучу А.Ш.Атамбаев андан баш тарткан. Баш тартуулар кол менен жазылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД