Таласта ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Президенттин жарлыгы ар бир жаранга жеткирилип жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Буура РИИБнин кызматкерлери айылдарда көчөмө-көчө милициянын көчмө кабылдамасы менен кыдырышууда.

Кыргыз Республикасынын президентинин 54- жарлыгын жергиликтүү тургундарга жеткирүү иштери тынымсыз жүрүп жатат. Базарда жана массалык эл чогулган жерлерде ысырапкорлукка жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруу максатында Кызыл-Адыр, Молотов, Чолпонбай айылдарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Маркумду жерге коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө керектиги айтылып, алардын кайрылуу билдирүүлөрүн кабыл алышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД