Борбор калаада "маршруттук такси" рейди өтүүдө

Бишкек шаарынын Октябрь районунда "маршруттук такси" рейди өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддер 2022-жылга бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.

Комиссиянын курамына акимиаттын кызматкерлери, МСКБнын, Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин, Бишкек шаарынын ЖКББнын өкүлдөрү кирген. Алар Октябрь районунун аймагында иш алып барган маршруттук таксилердин айдоочулары тарабынан ыктыярдуу патент төлөнгөндүгүн текшерүүдө.

Эске салсак, 1-апрелде мамлекеттик/муниципалдык жана жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Декларацияны тапшырууга милдеттүү:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар;

- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегенде;

- салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участогунун ээлери (короо жанындагы участокторду кошпогондо);

- юридикалык жакты түзбөстөн иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД