
Орусияда 28-мартта Rossgram деп аталган жергиликтүү жаңы социалдык түйүн ишин баштады. Бул тууралуу долбоордун расмий сайты кабарлады.
Жаңы соцтармакты дүйшөмбү күндөн тарта ЖМКлар, өнөктөштөр жана инвесторлор колдоно баштаса, кийинчерээк ал блогерлер менен жөнөкөй колдонуучулар үчүн да жеткиликтүү болот.
"Rossgram"да сүйлөшүү, блог жүргүзүү, бизнес кылуу, жаңылыктарды жарыялоо жана өз долбоорун түзүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралат. Тиркеме Android менен iOS"тун базасында иштейт", - деп жазылган сайттагы маалыматта.