1-апрелден тарта ири бизнес электрондук эсеп-фактурасын колдонууга өтөт

1-апрелден тарта ири бизнес электрондук эсеп-фактурасын колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, соода жүгүртүүгү бир жылда 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчү электрондук эсеп-фактурасын киризиши шарт.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып КНС төлөөчүлөр, ошондой эле товарларды импорттоочулар жана/же экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө тариздешүүдө.

Толук маалыматты, салык төлөөчүнүн колдонмосун жана "Электрондук эсеп-фактура" системасы менен иштөө боюнча жооптуу кызматкерлердин байланыш номерлерин Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынын "Электрондук эсеп-фактура" бөлүгүнөн алууга болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД