"Манас" эпосуна арналган сайттын бет ачары өттү

Кечээ, 28-мартта, Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Чыӊгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен Борбор Азиядагы Америка университети биргелешип түзгѳн Мanas-discovery.kg сайтынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР УИАнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сайт КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев менен Борбор Азиядагы Америка университетинин жетекчиси Джонатан Бекердин көмөгү менен түзүлүп, окурмандарга сунушталып жатат.

Сайтты түзүүнүн негизги максаты – "Манас" эпосунун тексттери, илимий ачылыштар жана башка кѳптѳгѳн "Манаска" байланыштуу эмгектерди электрондук форматка ѳткѳрүп, интернет желесине жайгаштыруу. Ошону менен бирге дүйнѳдѳгү бардык окумуштууларга, студенттерге, жалпы эпос сүйүүчү окурмандарга "Манас" тууралуу маалыматтарга оӊой жана тез жетүүгѳ шарт түзүп берүү болуп саналат.

Иш-чаранын ачылышына президенттин админстрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалагынын эксперти О. Капалбаев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы С. Мусаев, КР УИАнын вице-президенти О. Тогусаков, Кыргыз эл жазуучусу А. Жакшылыков, манасчылар, ЖОЖдордун окутуучулары, студенттер катышты.

Долбоордун демилгечиси жана аткаруучулар БААУнун окутуучусу Данияр Карабаев жана КР УИАнын "Манас", фольклор, акындар чыгармачылыгы бөлүмүнүн жамааты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД