"Сапаттын" окуучулары эл аралык олимпиадада чоң ийгиликке жетишишти

"Сапат" эл аралык билим берүү мекемелеринин окуучулары Улуу Британиянын биология боюнча олимпиадасында 4 алтын, 5 күмүш жана 4 коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Биология боюнча олимпиада онлайн форматта 12-март күнү өткөн. Ага дүйнө жүзү боюнча 700 мектептен 10 миңден ашык окуучу катышкан. Арасында "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин лицейлеринин окуучулары да болгон.

Тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча "Сапаттын" окуучулары 4 алтын, 5 күмүш жана 4 коло медаль утуп алышты.

Жеңишке жеткен окуучулардын тизмеси:

Алмазов Алай, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс – алтын медаль

Марат уулу Рахман, И. Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи, 10-класс – алтын медаль

Абдисаматов Нурислам, Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи, 10-класс – алтын медаль

Жумагулов Бекмырза, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс – алтын медаль

Момуналиев Арслан, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс – күмүш медаль

Темиралиев Умар, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс – күмүш медаль

Курманбеков Сагындык, Ош "Сема" лицейи, 11-класс – күмүш медаль

Келдибеков Бектемир, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс – күмүш медаль

Гаипов Данияр, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 9-класс – күмүш медаль

Жуманалиев Далер, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи, 11-класс – коло медаль

Карыпжанов Байзак, "Манас-Ата" Талас лицейи, 9-класс – коло медаль

Камытов Улукбек, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс – коло медаль

Жолдошбеков Илим, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 11-класс – коло медаль.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД