Төө-Ашуу ашуусунда атайылап кар көчкүлөрдү түшүрүү иши жүрөт

Төө-Ашуу ашуусунда Бишкек-Ош унаа жолунун 142-чакырымында 2022-жылдын 30-мартында кар көчкү түшкөн аймактарга кар массасын мажбурлап түшүрүү учурунда гана унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Суусамыр өрөөнүндөгү Төө-Ашуу ашуусунда Бишкек-Ош унаа жолунун 142-чакырымында кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу, ошондой эле жарандардын өлүмүн жана коопсуздугун алдын алуу жана жолдордо коопсуздукту камсыздоо максатында кар көчкүлөрүн мажбурлап түшүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан.

Жогорудагы иш-чараларды жүргүзүү максатында Суусамыр өрөөнүндөгү Төө-Ашуу ашуусунда Бишкек-Ош унаа жолунун 142-чакырымында 2022-жылдын 30-мартында кар көчкү түшкөн аймактарга кар массасын мажбурлап түшүрүү учурунда гана унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД