
4-чейректин башталышын утурлай милициянын кайгуул кызматкерлери мектептерде кызмат алып барууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын аймагындагы 101 жалпы билим берүүчү орто мектептердин ар бирине бөлүнгөн милициянын кайгуул кызматкерлери бүгүн эртеменен орто мектептерге барышып, эртемененки окуучулар мектепке келип жаткан убактарда мектептин айланасында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында кызмат алып барышты.
Айрыкча жөө өтмөктөрдөн жалпы жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочуларга көзөмөл жүргүзүп, окуучулардын коопсуздугу үчүн, аларга да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындай окуучулардын коопсуздугу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттер Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан күн сайын уланат.