Бишкекте жылуулук берүү 4-апрелден тарта өчүрүлөт

4-апрелден тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жетектеген күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология башкармалыгынын маалыматы боюнча, 31-марттан баштап орточо суткалык температуранын жогорулашы күтүлөт, кескин суук күтүлбөйт.

Эске салсак, бекитилген критерийлерге ылайык, көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо керектөөчүлөр жылуулуктан өчүрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД