
Украина Орусиянын НАТОго кирбөө жана өлкө аймагында чет элдик аскер базаларын жайгаштырбоо боюнча башкы талаптарына макул болду. Бул тууралуу маалыматты Россия Федерациясынын президентинин жардамчысы, орусиялык делегациянын жетекчиси Владимир Мединскийдин билдиргенине шилтеме берүү менен орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Украина келечекте кабыл алынып калышы мүмкүн болгон келишимдин принциптерин кагаз жүзүндө берген. Анда Украина НАТОго кирүүдөн, өзөктүк куралдарды жана массалык өлүмгө алып келчү башка куралдын түрлөрүн алууну жана пайдаланууну, ошондой эле чет элдик аскер базаларын жана аскер контингенттерин өз аймагында жайгаштыруудан баш тарта турганы камтылган.