
"Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы юридикалык жактарды кататканы келген ишкерлерге жардам берүүдөбүз". Бул тууралуу маек учурунда Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Данияр Али уулу билдирди.
"Ар бир катталган юридикалык жак өлкөбүзгө салым кошот. Биринчиден, салык төгүп, экономикабызга салым кошот. Экинчиден, жумуш ордун түзүп, жарандарыбызды жумуш менен камсыз кылат. Ошондуктан биз аларды тез каттоого жардам беребиз.
Анан да биз 2019-жылдан бери юридикалык жактарды онлайн түрүндо каттап жатабыз. Бул коррупцияны жок кылат, жарандарыбызга да алыскы жактардан атайын келип убакыт коротпой эле каттала алуусуна жардам берет", - дейт ал.
