
Түштүк Осетия жакын арада Россиянын курамына кирүү үчүн юридикалык аракеттерди көрүп баштайт. Мындай билдирүүнү кечээ, 30-мартта көз карандысыздыгы таанылбаган Түштүк Осетиянын башчысы Анатолий Бибилов билдирди.
Андан соң Бибиловдун басма сөз катчысы Түштүк Осетияны Россия Федерациясынын курамына киргизүү боюнча референдум өтөрүн, референдумду 10-апрелде өтүүчү Түштүк Осетиянын башчысын шайлоодон кийин уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.