Кыргызстанда оппозициялык кыймыл түзүлдү

Бишкекте "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" аттуу оппозициялык уюм түзүлдү. Бул тууралуу "Азаттык" жазып чыкты.

Маалыматка караганда, аталган кыймылдын мүчөлөрү алгачкы жыйынын Бишкектеги Горький аянтында өткөрүп, программасын жарыялады.

Кыймыл демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берет.

Оппозициялык кыймылда саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер бар.

Кыймылдын координатору болуп Мамбетжунус Абылов шайланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД