Кытайлык компания Ысык-Көл облусуна ГЭС курат

Энергетика министрлиги Кытайдын мамлекеттик компаниясы менен Кыргызстанга кубаттуулугу 500 мегаватты түзгөн ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишим түздү. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, ГЭС Ысык-Көл облусунун аймагында курулат.

"Аталган компания менен электр энергиянын тарифи такталган. Учурда жер маселеси чечилүүдө", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД