БШК региондорго шайлоо бюллетендерин жөнөттү

2022-жылы 30-мартта "Учкун" ААК имаратында 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн даярдалган шайлоо бюллетендерин алуу-өткөрүү актысына кол коюлду. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 68912 бюллетень, айрым айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 89049 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 84 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалды.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына – 30926 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 16000и – кыргыз тилинде, 14926сы – орус тилинде.

Кемин аймактык шайлоо комиссиясына - 7202 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 7202си – кыргыз тилинде.

Москва аймактык шайлоо комиссиясына - 11377 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 2634ү – кыргыз тилинде, 8743ү – орус тилинде.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына - 10940 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 5200ү – кыргыз тилинде, 5740ы – орус тилинде.

Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына – 24882 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 22882си – кыргыз тилинде, 2000и – орус тилинде.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына - 13104 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 13004ү – кыргыз тилинде, 100ү – орус тилинде.

Аксы аймактык шайлоо комиссиясына - 4482 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 4482си – кыргыз тилинде.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясына - 7286 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 7286сы – кыргыз тилинде.

Араван аймактык шайлоо комиссиясына – 16532 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 16532си – кыргыз тилинде.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына - 22625 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 22625и – кыргыз тилинде.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына - 2256 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 2256сы – кыргыз тилинде.

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына - 3330 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 3330у – кыргыз тилинде.

Тоң аймактык шайлоо комиссиясына – 3019 бюллетень жөнөтүлдү, алардын 2369у – кыргыз тилинде, 650сү – орус тилинде.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн бардыгы 157961 бюллетень даярдалды.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мажоритардык тутум боюнча шайлоодо бир шайлоо бюллетени даярдалат, анда талапкерлердин фамилиялары, аты-жөндөрү кошумча көрсөтүлөт, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу тутум боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак менен белгиленген кезекте кошумча көрсөтүлөт.

Курамында БШК мүчөлөрү, БШК аппаратынын кызматкерлери болгон жумушчу топ "Учкун" ААКта бюллетендерди басуу процессине тынымсыз (күнү-түнү) байкоо жүргүздү. "Учкун" ААКтын басып чыгаруу цехинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылган бюллетендерди тесттен өткөрүүчү жабдыктардын комплекти орнотулган. Кайтаруу УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан камсыздалды.

Шайлоо бюллетенинин жогорку даражадагы корголуусу бар, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди тааный алуусу үчүн атайын корголуу боёгу менен боёлот.

Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет.

Шайлоо бюллетендери баардык коопсуздук чараларын камсыздоо менен атайын байланыш транспорту менен жөнөтүлөт.

Жараксыздарын алып салгандан кийин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылган 66 килограмм бюллетень жок кылынды.

Маалымат үчүн: Басмакана жараксыздарын алып салгандан кийин шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин КР БШКнын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүп бергенден кийин жараксыз жана ашык шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышкан адамдардын бардыгынын колу коюлат.

Шайлоо бюллетендерин басмакананын, шайлоо комиссиясынын жайларынан алып чыгууга, ошондой эле Мыйзам талаптарын бузуу менен шайлоо бюллетендерин көчүрмөлөөгө жана таратууга тыюу салынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД