Ош шаарында милиция окуучуларга жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүүдө

Ош шаарында милиция окуучуларга жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүшүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБы МККБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 31-марттан баштап милициянын кайгуул кызматы жол боюнда жайгашкан мектептерде окуган окуучулардын коопсуздугунун камын көрүп, өз ишин баштады.

Анын негизде калаанын жер-жерлерде автоунаа каттамы көп болгон чоң жолдорго жакын жердеги мектептердин окуучуларына жол чырактан өтүү жана жөө өтмөктөрдөн өтүү эрежелери жөнүндө атайын түшүндүрүү иштен өткөрүп жатат.

Аталган иш-чаранын негизги максаты жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо болуп эсептелет. Мындай түшүндүрүү иштери шаар аймагындагы бардык мектептерде өткөрүлмөкчү.

Окуучулардын саламаттыгы, коопсуздугу биз үчүн маанилүү!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД