Ысык-Көл милициясы экологияны коргоого үндөгөн клип тартты (видео)

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы экологияны коргоого үндөгөн клип тартышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров тарабынан 2022-жыл - Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды. Ушундан улам, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы "Жер энени сактайлы" аталышындагы клипти даярдап чыгарышты. Клиптин негизги максаты, бүгүнкү күндө адамдар жеке кызыкчылыктарын жогору коюшуп, жаратылышыбызга орду толгус зыян келтирип жаткандыгына багытталган. Ошондой эле, айлана чөйрөбүздү келечектеги муунга сактап калуу үчүн, бүгүнкү күндөн баштап, биримдикте аракет көрүү чакырыгы да камтылып кеткен.

Ырчы Тата Улан, туристтик-экологиялык милициясынын демилгесин туура түшүнүү менен кабыл алып, аны колдоо максатында өзүнүн музыкалык чыгармасын клипте колдонууга уруксатын берген. Ырдын сөзү жана клиптин сценарийи облустук милициянын басма сөз кызматы тарабынан даярдалды. Ырды болсо, К. Карасаев атындагы "Сапат" лицейинин 5-классынын окуучулары Жасмина Асматова менен Нурэл Мамбеталиевдер аткарышты.

"Бул клип менен биз адамдар менен табияттын биримдигин, айлана-чөйрөбүз менен болгон байланышыбызды аңдап билүүгө, мекендештерибизди чакыргыбыз келет. Биздин клип кимдир-бирөөлөрдү алгылыктуу иш-аракеттерге шыктандырса, кимдир-бирөөлөрдү терең ойго салат деп чоң ишенич кылып жатабыз. Сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүн, токойлорду сактоо, таштандыларды кайра иштетүү, айлана-чөйрөнү коргоо –кайсы жерде жашап, кайсы жерде иштегенине карабастан, түздөн-түз адамдарга тиешелүү болот", - деп белгиледи туристтик-экологиялык милициясынан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД