
Саламаттык сактоо министрлиги жеке менчик медициналык окуу жайлардын клиникалык базасын, шартын талдоо аяктаганын билдирди. Анын негизинде тизмедеги 17 мекеменин тогузунун клиникалык базасы жетишсиз, айрымдарында такыр эле жок экени аныкталган.
Маалыматка караганда, мындан улам жети окуу жайдын лицензиясы жокко чыгаруу тууралуу Билим берүү министрлигине сунуш берилди.
Алар: Ош эл аралык медициналык университети; Кыргыз медико-стоматологиялык институту; Роэль Метрополитен университети; "Авиценна" эл аралык медицина университети; АВС Академиясы; Бишкек эл аралык медициналык институту; Медицина жана илим медициналык институту
Мындан сырткары буга чейин форма № 6ны албаган "Адам" университети, Илим жана бизнес эл аралык институту жана Бишкек финансы-экономика академиясына байланыштуу Билим берүү министрлигине кайрылды.