Садака-фитирди MegaPay тиркемеси аркылуу берсеңиз болот

Орозо айы кайрымдуулукка жана мээримдүүлүккө үндөгөн ай. MegaCom абоненттери садака-фитир, зекет сыяктуу кайрымдуулук төлөмдөрүн MegaPay аркылуу бере алышат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акча каражаттар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эсебине келип түшөт.

Садака-фитирди мобилдик капчыктын жардамы менен кантип төлөөгө болот?

• MegaPay тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп алуу;

• "Кайрымдуулук" бөлүмүнө кирүү;

• Битир садага, зекет же жетим балдарга бөлүмүн тандоо;

• "Реквизиттер" сабына кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД