
2022-жылдын 31-мартында 23:45 чамасында №1 түзөтүү мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш чара өткөрдү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш чаранын жүрүшүндө сырт тараптан белгисиз затты мекеменин ичин көздөй ыргытууга шектелген эки жаран кармалды.
Алар: 1995-жылы Тогуз-Торо районун Казарман айылында туулган Ч.у.Т. жана 1999-жылы Сокулук районунун Камышановка айылында туулган К.А.Н. аттуу жарандар.
Тинтүүгө алганда жанынан 4 даана скотч менен оролгон салмагы 2 кг. 170 граммды түзгөн өзгөчө атайын жыты бар күрөң түстөгү зат табылды.
Окуя боюнча тийиштүү органдарга билдирилип, ИИМдин Аламедин районундук ИИБне катталып, өткөрүлүп берилди.
Тергөө амалдары жүрүүдө.