
Вакциналар жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрлөрүн сактап калат. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, дифтерия, кызамык, полиомиелит, тарамыштардын тартышып калма оорусу, менингит жана көк жөтөл балдарды майыптуулукка жана өлүмгө алып келген оорулар болуп саналат. Бирок саламаттыкты сактоо тутуму вакциналар аркылуу бул оорулардын алдын ала алды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча иммундоо жылына 2ден 3 миллионго чейинки адамдардын өмүрүн сактап калууну шарттайт. Ошондуктан ооруларга каршы эмдөө алуу өтө маанилүү.
Ошондой эле COVID-19га каршы эмдөө - бул илдеттин алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири. Эмдөө сизди гана эмес, жакындарыңызды дагы сактай турганын эсиңизден чыгарбаңыз.