Кыргызстандагы бюджеттер аралык мамилелерди реформалоо талкууланды

Бишкек шаарында "Кыргыз Республикасындагы бюджеттер аралык мамилелерди реформалоо: көйгөйлөр жана өнүгүү перспективалары" аталышында Тегерек стол уюштурулду. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Финансы министрлиги, ЖӨБ органдарынын жана партнердук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди реформалоо багытындагы натыйжалар боюнча пикир алмашуулар болду. Бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн мындан аркы этаптары талкууланып, республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджеттин байланышы, бюджеттер аралык мамилелер жаатында эл аралык тажрыйбалардан мисалдар көрсөтүлдү. Ошондой эле райондук бюджеттин түзүлүшү боюнча долбоорлор талкууланды. Жыйынтыгында республикалык бюджетке кирип жаткан өзгөртүүлөр боюнча иш чаранын катышуучулары тарабынан сунуштар иштелип чыгып, Финансы министрлигинин кароосуна жөнөтүлөөрү белгиленди.

Иш-чара КР ЖӨБ Союзу менен КР Финансы Министрлигинин ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында уюштурулду.

Кошумча маалымат алуу үчүн: +996 554 160589; +996 705 160589


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД