
2022-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаада жылытуу мезгилин жыйынтыктоо боюнча буйрукка кол койду.
Буйрукка ылайык, Бишкек шаарында апрель айына болжолдонгон аба ырайын эске алуу менен 2021-2022-жылдарга жылуулук берүү мезгили 2022-жылдын 4-апрелинен тартып аяктады деп эсептелет.
Бишкек шаарынын ЖЭБине, "Бишкекжылуулуктармагы" ААКсына, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасына жана ведомстволук отканалардын жетекчилерине имараттарды жылуулук менен камсыз кылуучу жабдууларын өчүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырылды.