Кыргыз эл акыны, жазуучу Омор Султанов дүйнө салды

Кыргыз эл акыны, коомдук ишмер, киносценарист, II даражадагы "Манас" орденинин ээси Омор Султанов 3-апрелде 86 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.

Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган.

Омор Султановдун чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жарык көрө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы "Тоо күндөрү" деген ат менен 1961-жылы жарык көргөн. "Кыргызфильм" киностудиясы тарабынан эк-рандаштырылган "Төкмө", "Жазуучу", "Ак куулар конгон айдың көл" ж.б. даректүү жана көркөм фильмдердин сценарийлерин жазган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД