Абдил Сегизбаев үй камагына чыкты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, сотто ал күнөөлүү деп табылып, ага 4 миллион сом өлмөмүндөгү айып пул иретинде жаза дайындалды. УКМКнын мурдагы төрагасы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен козголгон эки иш боюнча күнөөсү далилденген.

Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлгөн.

Эске салсак, Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгон. 2021-жылдын январь айынан бери УКМКнын мурдагы төрагасы камакта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД