
Пакистандын президенти Ариф Алви өкмөт башчы Имран Хандын кеңеши менен парламентти таркатты. Буга чейин оппозициячыл мыйзам чыгаруучулар Хандын кызматтан кетишин талап кылышкан.
3-апрелде жасаган телекайрылуусунда премьер-министр президентти улуттук парламентти жана төрт провинциянын кеңешин таркатууга чакырган.
Эми 90 күндүн ичинде шайлоо өтүшү керек.