Бүгүн социалдык чөйрө кызматкерлеринин жыйыны өтөт. Ага президент катышат

Бүгүн, 4-апрелде, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкөнүн бардык аймактарынан билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарынын өкүлдөрү катыша турган иш-чарада республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Иш-чара КТРК жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир 10:00дө башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД