
Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтү 3-апрелде чыгарган буйрукка ылайык, апийим өстүрүүгө тыюу салынды. Буга чейин айдалып калган талаалардагы апийим өрттөлөт, ал эми дыйкандар шарият мыйзамына ылайык жазаланат.
Буйрук менен талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид журналисттерди тааныштырды. Анда башка маңзатты өстүрүү, колдонуу жана алып жүрүүгө тыюу салынганы айтылат.