COVID-19. Вирус жуктургандар катталган жок

Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус аныкталган адамдар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Ал эми бир суткада 5 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 2, Ош облусунда - 2, Ош шаарында - 1 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 96 бейтап, амбулатордук түрдө 46 адам дарыланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД