Кыргызстанда бир жумада коронавирустан 6 адам көз жумду

Кыргызстанда бир жумада, тагыраагы 29-марттан 4-апрелге чейин, коронавирустан 6 адам көз жумду. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19 лабораториялык негизде 1, клиникалык-эпидемиологиялык түрдө (илдетке чалдыккандар менен байланышын эске алуу менен) – 5 аныкталган.

◾️Адам өлүмүнө алып келген учурлар Бишкекте катталган.

◾️Өткөн аптада, 22-28-март аралыгында, COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 5 учур катталган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 200 968 адам жугузган.

Каза болгону – 2991 адам.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынын оор кесепеттеринен сактап эмдөөдөн өтүңүздөр!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД