
Ыйык орозо айынын алдында КР Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилиги кызмат учурунда каза болгон же жаракат алган кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ЖАКнын төрагасы и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев жана башкармалыктын Ардагерлер кеңешинин башчысы, Алибай Нишанбаев аларга жылуу колдоо сөздөрүн айтышты. Ошондой эле, келгендердин баарына азыркы учурда үй-бүлөлөргө керектүү азык-түлүк пакеттери берилди.
"Бир нече жыл мурун биз каза болгон кесиптештердин үй-бүлөлөрүнүн балдарын каттоого алып, аларды коштоп жүрүүнү чечкенбиз", - дейт Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары, и/к полковниги Тургунбек Токтосунов.
- Биз жылына кеминде 5-6 жолу камкордукка алынгандар менен жолугуп, белгилүү даталардын, майрамдардын алдында жардам берип, тамак-аш, таттуулар менен эле чектелбестен, окуу куралдарын, канцелярдык буюмдарды, оюнчуктарды тапшырабыз.
Муну менен эле чектелбестен мүмкүнчүлүккө жараша башка социалдык колдоолорду да көрсөтөбүз.
Бул боюнча бизге жардам берген гуманитардык уюмдарга терең ыраазычылык билдиребиз, - деди Т.Токтосунов.