Ошто баңги зат сатканга шектелип милиция кызматкерлери кармалды

Баңги зат сатып жүрүшкөн деп шектелип Ош шаардык милициясынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинини (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги заттарын жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында милициянын полковниги А.У.К. жана милициянын старшинасы Т.у.А. кармалды.

УКМК кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 1-апрелинен 2-апрелине караган түнү саат 03:15 чамасында А.У.К. 894 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар баңгизатын белгиленген жерге бекитип таркатып жүргөндүгү аныкталган. Жыйынтыгында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнун (УККБ) башчысы, милициянын подполковниги 1982-жылы туулган А.У.К. жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн (МККБ) 4-взводунун кенже инспектору 1998-жылы туулган Т.у.А. кармады.

Жыйынтыгында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги затын ташыган каналдардын биринин ишине бөгөт коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД