
81 жаштагы Сардарбек Жумалиев менен КР Юстиция министрлигинин ЖАКнын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, композитор республикадагы эң кары музыка ишмери гана эмес, ошондой эле жаза аткаруу кызматынын ардагери!
Жумалиев 1964-1967-жылдары сержант болуп кызмат өтөгөн 7412-аскер бөлүгүнүн аскердик оркестринен чындыгында анын чыгармачылыкка бай жолу башталган.
Чүй районунун Жар-Башы айылында туулган, бала кезинен эле комуз черткенге кызыгып келген. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн. Ал 16 жашында эле Москвада өткөн кыргыз искусствосунун декадасынын катышуучу болгон. Армиядан кийин биринчи эстрадалык ансамблди түзүүгө активдүү катышкан.
Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Анын окутуучулары атактуу Калый Молдобасанов, Мукаш Абдраев, Насыр Давлесовдор болгон. Андан кийин республикалык эл чыгармачылык үйүндө музыкалык редактор болуп иштеп, 1977-жылдан баштап Улуттук филармонияда Академиялык Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрин жетектеп келет.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, А.Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлыктын жана "Руханият" ассоциациясынын лауреаты, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу жана жүздөгөн чыгармалардын жана аранжировкалардын автору. Өзүнүн обондору менен Франция, Монголия, Алжир, Сирия, Индия, Түркия жана ал тургай Лаосто сахналарды багындырган.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Манас" орденинин ээси демобилизацияланганына 55 жыл болгондон кийин өзү кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнө келип, кабар алды. Ал жоокер учурундагы кызыктуу окуялар менен бөлүшүп, жаш жоокерлердин суроолоруна жооп берди.
Ошол кездеги полктун командири легендарлуу полковник Михаил Иванович Григорьевич-Невский, анын орун басары Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Усенбеков, саясий башкармалыктын начальниги болуп майор Т.Жумалиевдер болгон.
Сардарбек Жумалиев 7412-аскер бөлүгүнүн 80 жылдык мааракесине арнап жазган атайын гимнди тартуулады. Ал Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскер оркестри тарабынан салтанаттуу түрдө тартууланды (1942-жылдын 20-апрели түзүлгөн күнү).