Аида Касымалиева абактагы Асылбек Жээнбековго жолукту

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева абакта отурган депутат Асылбек Жээнбековго жолугуп чыкты. Бул тууралуу Касымалиева өзү "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

"Асылбек Шариповичтин маанайы жакшы жана адаттагыдай өзүн татыктуу алып жүрөт. Ал болгон окуялардын бардыгын эсептешүү жана саясий айдыңды тазалоо деп эсептейт. Анткени ага коюлган айып боюнча эч кандай фактылар жана жүйөөлөр жок. Муну түшүнүү үчүн 2012-жылдагы ошол жыйналыштардын токтомдорун жана стенограммасын окуп, салыштырып, жолугушуулар кандай өткөнүн, ким эмне деп айтканын караш керек. Ал бардык колдоочуларына жана өнөктөштөрүнө салам жана мыйзамдын чегинде өзүнүн күнөөсүз экендигин коргой турганын билдирди", - деп жазган вице-спикер.

Ошондой эле ал бул күнү абакта кармалып турган башка депутаттарга кирип кабар алууга жетишпей калганын, бирок башка депутаттар менен бирге алардан сөзсүз кабар аларын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД