Бишкекте оң рулдуу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы көп катталууда

Бишкекте оң рулдуу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы көп катталууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын ичинде Бишкек шаарынын аймагында 787 жол унаа кырсыктары катталып, 1027 жаран ар кандай жаракатарды алып, тилекке каршы 15 жаран көз жумган.

Келип чыккан жол унаа кырсытарынын көпчүлүгү оң рулдуу авто унаа алдыдагы унаадан ашып өтөм деп, сол тарапка чыгуу учурунда карама-каршы келе жаткан унаа менен бетме-бет сүзүшүп алган фактылар менен коштолгон. Демек оң рулдуу авто унаалар Кыргызстандын жолдоруна туура келбегендиги анализ көрсөтүп турат.

Мындай жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери оң рулдуу авто унаалардын айдоочуларына айрыкча Бишкек шаарынын аймагынан сырткары алыскы аймактарга каттаган минивен такси айдоочуларына байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД